Тажикстандын жүк ташуу авиациясы

Өлкөдө авиациянын бул түрү өнүгүүнүн баштапкы баскычында турат. Он жыл мурун анын Тажикстандагы жүк ташуулардагы үлүшү болгону 1% болчу, азыркы учурда – 6% (бир миң эки жүз тонна жүк).

 

2017-жылы Душанбе Эл аралык аэпоротунда Япония менен түзгөн келишим боюнча гранттын акчасына курулган жүк терминалы иштеп баштады. Борбор шаардын аба гаванынын Норвегия, Германия жана Япониядан келген жабдуулары бар заманбап жүк бөлүмү Борбордук Азиядагы эң мыкты деп эсептелинет, өлкө жетекчилигинин пландарында – айыл чарба продукциясынын экспортун жүк терминалынын натыйжалуу иштөөсүнүн, учуулардын географиясын кеңейтүүнүн жана жеке авиациянын аба кемелерин тартуунун аркасында олуттуу түрдө көбөйтүү.

Белгилүү европалык авиаброкер Aviav TM (Cofrance SARL) Тажикстанда заманбап жүк ташуучу аба кемелерин колдонуу боюнча жеке ижарачылар менен кызматташууга даяр. Өлкө ичинде кыйын шарттарда коно алган вертолётторго жогору бааланат, ал эми алыс аралыктарга компаниянын менеджерлери тийиштүү өлчөмдөгү жүк ташуучу учакты таап беришет.

Читайте также:  {:tj}Тавассути чархбол ба минтақаҳои кӯҳистонии Помир{:}{:ru}Вертолетом в горные районы Памира{:}{:ar}مروحية إلى المناطق الجبلية من البامير{:}{:it}Elicottero nelle zone montuose del Pamir{:}{:fr}En hélicoptère dans les régions montagneuses du Pamir{:}{:pl}Helikopterem do górzystych obszarów Pamiru{:}{:tr}Helikopterle Pamir’in dağlık bölgelerine {:}{:tm}Dikuçar bilen Pamiryň dagly raýonlaryna {:}{:by}Верталётам у горныя раёны Паміра{:}{:kz}Памирдің таулы аудандарына тік ұшақпен{:}{:kg}Памирдин тоолуу аймактарына вертолёт менен{:}{:uz}Помирнинг тоғли ҳудудларига вертолёт билан{:}{:ua}Вертольотом в гірські райони Паміру{:}

 

Жүк ташуучу аба кемелерин Тажикстандын төрт эл аралык аба гаваны – «Душанбе», «Куляб», «Курган-Тюбе» жана «Худжанд», ошондой эле өлкөнүн тоолуу аймактарынын көпчүлүгүндө жайгашкан вертолёт аянтчалары кабыл алат.

 

Aviav TM (Cofrance SARL) Борбордук Азияда иштөө үчүн жүк ташуучу жеке аба кемелерин ижарага алуунун пайдалуу түрүн сунуштайт. Компаниянын орус тилдүү менеджерлери керектүү аба кемесин тандап, ижарага документтерди тез даярдап берет. Тажикстанга жүктөрдү ташууда «Боинг 747», «Ил-76», «Ан-140» заманбап учактары, ошондой эле «Ми-8МТВ», «Робинсон», «Аэробус Еврокоптер» маркасындагы вертолёттор колдонулушу мүмкүн.

 

Ижарага алынган жеке аба кемелериндеги жүк өз убагында жана толук сактыкта жеткиришиши кепилденет, муну Кофранс САРЛ компаниясынын жүк ташуу авиациясы чөйрөсүндөгү бай иш тажрыйбасы далилдейт.

Aviav TM (Cofrance SARL) компаниясы менен кандай жүктөрдү ташууга болот? Төмөндө толук тизме берилген:

  1. Кыймылдаткычтар, чогултулма дарыя жана деңиз кемелери, унаа тетиктери.
  2. Ажыратылма эмерек.
  3. Кеңсе техникасы.
  4. Тиричилик техникасы.
  5. Дары-дармектер жана парфюмерия.
  6. Азык-түлүк.
  7. Кеңсе буюмдары, басма басуучу продукция.
  8. Музейлер үчүн жабдуулар.
  9. Сейрек учуроочу буюмдар.
  10. Музей экспонаттары жана археологиялык артефакттар.
  11. Аспаптар жана жабдуулар.
  12. Спорт мүлк-шаймандары.
  13. Кийим жана бут кийим, кездемелер.
  14. Театр, концерт жана цирк үчүн жабдуулар.
  15. Жаныбарлар, гүлдөр.
  16. Документтер.
  17. Ири габариттүү татаал жүктөр.
Читайте также:  {:tj}Как сэкономить на частных перелетах{:}{:ru}Как сэкономить на частных перелетах{:}{:ua}Як заощадити на приватних перельотах{:}

Кофранс САРЛ авиаброкери мыйзам менен чектелген медициналык дары-дармектер, баңгизат жана куралдан сырткары ар түрдүү товарларды жана буюмдарды ташууга жүк ташуучу аба кемесин ижарага берүүгө даяр.

 

Компания кызматкерлери жаныбарларды ташуу үчүн учуу убагында коштоону жана кам көрүүнү сунуш кылышат; азык-түлүктөрдү жана даары-дармектерди ташууда салондо эң жакшы шарттар түзүлөт; морт буюмдарга өзгөчө мамиле кылынат.

 

Тажикстандын географиялык өзгөчөлүгү – тоолордун жана жетүү кыйын болгон райондордун болушу. Жүктөрдү тоого жеткирүү зарылчылыгы пайда болсо, Aviav TM (Cofrance SARL) атайын жабдылган вертолётторду ижарага сунуш кылат. Саналуу сааттардын ичинде каалаган жүк керектүү жерге жеткирилет, ал эми ижараны жол-жоболоштуруу боюнча баардык маселелерди авиаброкердин кызматкерлери өзүнө алат.

Читайте также:  Правила провоза багажа и ручной клади на рейсах «Уральских авиалиний» (2019)

 

Анча чоң эмес жүктү жана бир нече адамдан турган бригаданы жеткирүү керек болгон кээ бир учурларда, компаниянын менеджерлери дароо эки – жүргүнчү ташуучу жана жүк ташуучу вертолётту ижаралоону жол-жоболоштурушат. Буюртмачы эки борт тең керектүү жерге убагында чогуу жетип келишинен шек санабаса болот – Aviav TM (Cofrance SARL) кесипкөйлөрдүн сапаттуу иштешине жана ар бир кардарга жекече мамиле жасалышына кепилдик берет.