Тажикстандын негизги аба гавандары

Тоолордун жана көчмөндөрдүн мамлекети, жергиликтүү калктар «Арийлер өлкөсү» деп атаган, миң жыл мурун Бактрия падышалыгы өркүндөп-өскөн жер – азыркы Тажикстан. Укмуш дарыялар, кооз көлдөр, кендүү жерлер жана бир нерсе менен кесип өтүү керек болгон чоң аймактар Орто Азиянын аянты чоң эмес тоолуу өлкөсүн мүнөздөйт.

 

2014-жылы тажик авиациясы негизделгенинин 90 жылдыгын белгиледи. Азыркы убакта Тажикстанда эл аралык статустагы төрт аэропорт жана жергиликтүү үч аба гаваны иштейт – Айни, Хорог жана Пенджикент.

Душанбе эл аралык аэропорту (DYU) – шаар четинде жайгашкан ири борбордук транспорттук объект. Тажикстандагы аэровокзал 1964-жылы курулуп, кийинки он жылдыктарда бир нече жолу кайрадан курулган, беш жылдан бери жүргүнчүлөрдү Vinci француз компаниясынын долбоору боюнча курулган, 11 миң квадрат метр аянты бар эки кабаттуу терминал кабыл алат. Аэровокзалда эне жана бала бөлмөсү, европа жана тажик ашканасынын даамдарын тартуулаган ресторандар, медициналык кабинет, жүк сактоочу камера, намазкана жана виза алуу бөлүмү бар. 2017-жылы жүргүнчүлөрдүн агымы бир миллион үч жүз миң адамдан ашты, бир саат ичинде аба дарбазасынан телескопиялык трап колдонуп, беш жүз жүргүнчү өтөт.

Читайте также:  {:tj}Ширкатҳои ҳавопаймоии миллии Тоҷикистон{:}{:ru}Национальные авиакомпании Таджикистана{:}{:ar}الخطوط الجوية الوطنية في طاجيكستان{:}{:it}Compagnie aeree nazionali di Tagikistan{:}{:fr}Compagnies aériennes nationales du Tadjikistan{:}{:pl}Krajowe linie lotnicze Tadżykistanu{:}{:tr}Tacikistan’ın ulusal havayolu şirketleri{:}{:tm}Tajigistanyň Milli awiakompaniýalary{:}{:by}Нацыянальныя авіякампаніі Таджыкістану{:}{:kz}Тәжікстанның ұлттық әуе компаниялары{:}{:kg}Тажикстандын улуттук авиакомпаниялары{:}{:uz}Тожикистон миллий авиакомпаниялари{:}{:ua}Національні авіакомпанії Таджикистану{:}

Он үч авиакомпания Тажикстандын борборунан Орто Азиянын коңшулаш мамлекеттери Казакстанга жана Өзбекстанга каттамдарды аткарат, Үрүмчү (Кытай),  Кабул (Афганистан), Дели (Индия), Стамбул (Турция), Франкфурт-на-Майне (Германия), Дубай (Бириккен Араб Эмираттары) шаарларына үзгүлтүксүз каттамдар ишке салынган. Россиянын Москва («Внуково», «Домодедово» жана «Жуковский» аэропорттору), Санкт-Петербург («Пулково»), Екатеринбург, Казань, Самара, Краснодар, Сургут жана Челябинск шаарларына учактар күн сайын каттайт. Жай мезгилинде Сочиге жана Краснодарга үзгүлтүксүз каттамдар ачылат.

Аба гаванынын негизги авиакомпаниялары болуп «Тажикстан авиалиниялары» жана улуттук ташуучу Somon Air саналат.

 

Худжанд эл аралык аэропорту (LBD) «Аэрофлот», «Ютейр», S7, «Урал аба жолдору» жана China Soutern авиакомпаниялары менен көбүнчө үч багытта – Россия, Турция жана Кытайга учууларды, жана ошондой эле Душанбеге учууларды тейлейт; бул Тажикстандын эң түндүк аба гаваны. Худжанд аркылуу жылына жыйырма шаардан келген беш жүз миң жүргүнчү өтөт. Узундугу 3200 метрди түзгөн учуп-конуу тилкеси асфальт менен төшөлгөн жана каалаган класстагы авиацияны кабыл ала алат. Аэроковзалдын CIP-залында коноктор ажайып бакта эс алышат.

Читайте также:  {:tj}Как сэкономить на частных перелетах{:}{:ru}Как сэкономить на частных перелетах{:}{:ua}Як заощадити на приватних перельотах{:}

 

Куляб эл аралык аэропорту (TJU) – Тажикстандын түштүк-батыштагы аба дарбазалары, жүктөлгөндүгү боюнча үчүнчү; деңиз деңгээлинен 680 метр бийиктикте жайгашкан. Somon Air конокторду Кулябга «Внуково» москвалык аэропортунан жеткирет, ал эми S7 – «Домодедоводон».

Курган-Тюбе Бохтар эл аралык аэропорту (KUR) 2017-жылга чейин Москва менен үзгүлтүксүз байланышты («Вимавиа» паркындагы учактар) жана Саратов менен мезгилдик байланышты (каттамдарды «Саравиа» авиакомпаниясы аткарган) сактап турган. Бул каттамдар убактылуу токтотулду. Тажикстандын түштүк-батышында жайгашкан аэропорт борбордон алыс турган аймакты Душанбе жана Худжанд менен байланыштырат.

Маанилүүлүгү боюнча бешинчи орунда турган Тажикстандын Хорог (SGA) аба порту өлкөнүн түштүк-чыгышында, деңиз деңгээлинен 2080 метр бийиктикте жайгашкан. Бул дүйнөнүн эң бийик тоолуу аэропортторунун бири. Аба гаванынын аймагында жетүү кыйын юолгон шаарларга жана Памирдин түбүндөгү айылдарга учуулар үчүн эң эле ылайыктуу болгон вертолёттор жайгашкан. «Тажикстан аба жолдору» улуттук авиакомпаниясынын жардамы менен Хорог аэропортунан Душанбеге чартердик каттам ишке салынган.

Читайте также:  {:tj}Авиатсияи боркаши Тоҷикистон{:}{:ru}Грузовая авиация Таджикистана{:}{:ar}الشحن الجوي في طاجيكستان{:}{:it}Trasporto merci in aereo di Tagikistan{:}{:fr}Aviation cargo au Tadjikistan{:}{:pl} Lotnictwo towarowe Tadżykistanu{:}{:tr}Tacikistan’ın hava kargo taşımacılığı{:}{:tm}Täjigistanyň ýük awiasiýasy {:}{:by}Грузавая авіяцыя Таджыкістану{:}{:kz}Тәжікстанның жүк авиациясы{:}{:kg}Тажикстандын жүк ташуу авиациясы{:}{:uz}Тожикистон юк ташиш авиацияси{:}{:ua}Вантажна авіація Таджикистану{:}

 

Пенджикент жана Айни – кыш айларында көчкү түшкөндө, аба байланышы гана жеткиликтүү болгон учурда керек болгон, жергиликтүү аэропорттор.