Тажикстанда авиациянын өнүгүү баскычтары

Орто Азиядагы Тажикстан мамлекети өлкөдө авиация маанилүү ролду ойношуна таасир берүүчү географиялык жана экономикалык өзгөчөлүктөргө ээ:

1) бири-биринен жүздөгөн километр алыстыкта жайгашкан чоң мейкиндиктер жана шаарлар;
2) тоолор ээлеген чоң аймактар – өлкөнүн аянтынын 92% Памир жана Тянь-Шань тоолорунун этегинде жайгашкан;
3) кубаттуу Сырдарыя дарыясы жана ири көлдөр;
4) автомобиль жана темир жолдорунун начар абалы.

Биринчи баскыч. Тажикстанда жарандык авиацияын пайда болушу
Биринчи аба каттамы эки байыркы шаарды бириктирди – Өзбекстандын Бухарасын жана Тажикстандын борбор шаары Душанбени, ал мезгилде Тажикстан Бухара эмиратынын курамынан чыгып, Өзбекстандын курамындагы өз алдынча облус болуп эсептелген. Учуу «Добролет» уюмунун чечими менен 1924-жылы РСФСРдин бүткүл аймагы боюнча авиацияны өнүктүрүү максатында орун алган. Кичинекей «Юнкерс-13» учагы учкуч Рашид-бек Ахриевдин башкаруусунун алдында жумасына үч жолу бир аэродромдон экинчисине жүргүнчүлөрдү жеткирип турчу. 1927-жылы учуу географиясы кеңейди: Ташкенттен Самаркандга жана Термезге каттамдар пайда болду. Ошол эле мезгилде Памир тоолору аркылуу өткөн учууларды көзөмөлдөөчү Сталинабад аэротүйүнү ачылган (Душанбе 1920-ж Сталинабад деп аталчу), ал эми Душанбеде аэропорт курулган. 1940-жылдардын экинчи жарымында «Ли-2» жана «Ю-52» учактары жүргүнчүлөрдү Тажикстандын, СССРдин башка шаарларына, ташыган; пионерлер аба менен Артекке жана Кара деңиздин Кавказ жана Крым жээктериндеги башка лагерлерге барышчу.

Читайте также:  Правила провоза багажа и ручной клади на рейсах «Уральских авиалиний» (2019)

Экинчи баскыч. Тажик авиатобу.
1956-жылы Орто Азиялык аймактык башкармалыгы Тажик авиатобун түзүү жөнүедө чечим кабыл алды, төрт жылдан кийин Москвага «Ил-18» учагында биринчи каттам ишке ашырылды. 1960-жылдары авиапарк «Як-40», «Ан-24» жана бийиктикке учуучу «Ан-6» жүргүнчү лайнерлери менен толукталды, ошондой эле «Ми-8» вертолёттору да учушчу. Тажик авиациясынын тарыхынын ошол мезгилинде жылына 750 миң жүргүнчү ташылчу.

Үчүнчү баскыч. Жарандык авиациянын башкармалыгы
1970-жылдары Жарандык авиация башкармалыгынын алдында иштеген аба транспорттору менен жылына эки миллион адам пайдаланчу. 1979-жылы Тажикстандын аймагынан алгачкы каттам менен революция баскан Ооганстанга гуманитардык жардам жеткирилген. 1980-жылдары өлкөнүн авиациясы өнүгүп жатты: жаңы аэропорттор курулуп, учуп-конуу тилкелерине асфальт төшөлүп, «Сирена» чыпталарды автоматтык ээлөө системасы ишке киргизилген.

Төртүнчү баскыч. 1990-жылдар: начарлоо жана кескин өсүү
1991-жылы Тажикстандын авиациялык транспорту жыл сайын эки миллиондогон жүргүнчүлөрдү ташып, жана жүздөгөн советтик «Ту-134», «Ту-154», «Як-40», «Ан-24», «Ан-26» жана «Ан-28» учактарына жана ондогон «Ми-8» вертолётторуна ээ болуу менен, түз жана өтмө мааниде бийиктикте болду. 1992-жылы «Точикистон» (бүгүнкү күндө – «Тажик Эйр») улуттук авиакомпаниясы өз ишин баштады. 1992-1997 жылдардагы жарандык согуштан кийин жүргүнчүлөрдүн саны он эсе (!) азайган, Росссия менен 1998-жылы кызматташтык жөнүндө келишим түзгөндөн кийин гана тажик авиациясы кайра «жанданды».

Читайте также:  {:tj}Бандарҳои асосии ҳавопаймоии Тоҷикистон{:}{:ru}Главные воздушные гавани Таджикистана{:}{:ar}الموانئ الجوية الرئيسية في طاجيكستان{:}{:it}Aeroporti principali del Tagikistan{:}{:fr}Principaux aéroports du Tadjikistan{:}{:pl}Główne porty lotnicze Tadżykistanu{:}{:tr}Tacikistan’ın ana hava limanları{:}{:tm}Täjigistanyň esasy howa menzilleri{:}{:by}Галоўныя паветраныя гавані Таджыкістану{:}{:kz}Тәжікстанның бас әуе айлағы{:}{:kg}Тажикстандын негизги аба гавандары{:}{:uz}Тожикистоннинг энг асосий ҳаво бандаргоҳлари{:}{:ua}Головні повітряні гавані Таджикистану{:}

Бешинчи баскыч. Жыйырма биринчи кылым: учурдагы абал жана келечек
2007-жылы Тажикстандын авиапаркында биринчи россиялык эмес учак – «Боинг 737-300» пайда болду, кийин бир нече боинг моделдери жана турбовинттүү кытайлык «МА60» лайнери менен толукталды.
2010-жылы кабыл алынган Транспортту өнүктүрүүнүн максаттуу программасы төмөнкүнү камтыйт:
– Душанбе аба гаванында жаңы эл аралык терминалды куруу;
– бир нече ири аэропорттордун аэродромдорун реконструкциялоо;
– бүгүнкү күндө чыпталарды сатуу жана борттогу тамактанууну уюштурууда монополияга ээ болгон акционердик авиаишканаларды менчиктештирүү;
– өлкөнүн жаңы Аба кодексин түзүү;
– бизнес-авиация секторун өнүктүрүү.

2015-жылы Тажикстандын өкмөтү Өлкө авиациясынын улуттук коопсуздугу программасын кабыл алды, анын алкагында аба каттамы иштерине мыйзамсыз кийлигишүүдөн сактоо үчүн айкын иш чаралар каралган. Мамлекетте аба транспортун өнүктүрүүнүн негизги жолдору белгиленген: авиапаркты заманбап учактар жана вертолёттор менен толуктоо; бардык учуп-конуу тилкелерин реконструкциялоо; аэровокзалдарды модернизациялоо; учуулардын географиясын кеңейтүү (2018-жылда Тажикстандын авиакомпаниялары жумасына жыйырма эки багыт боюнча 23 каттам аткарат).

Читайте также:  {:tj}Авиатсияи тиҷоратӣ дар Тоҷикистон{:}{:ru}Бизнес-авиация в Таджикистане{:}{:ar}طيران رجال الأعمال في طاجيكستان{:}{:it}Aviazione d'affari in Tagikistan{:}{:fr}L’aviation d’affaires au Tadjikistan{:}{:pl}Lotnictwo biznesowe w Tadżykistanie{:}{:tr}Tacikistan'da iş havacılığı{:}{:tm}Täjigistanyň biznes-awiasiýasy{:}{:by}Бізнес-авіяцыя ў Таджыкістане{:}{:kz}Тәжікстандағы бизнес-авиация{:}{:kg}Тажикстандагы бизнес-авиация{:}{:uz}Тожикистонда бизнес авиацияси{:}{:ua}Бізнес-авіація в Таджикистані{:}

Тажик авиациясынын өнүгүшүнө тиешелүү кызыктуу факылар:
1. Өлкө авиациясында көп жылдар бою эмгектенген учкучтар «Тажикстандын авиациясынын ардагери» ардактуу белгиси менен сыйланышат. Тегерек асмада алтын машак менен курчалган көк асмандын фонунда Памирдин жашыл көк чокуларынын үстүндө учуп бара жаткан күмүш учак сүрөттөлгөн.
2. Тажикстандагы биринчи учак биринчи унаага караганда эки жыл мурун, ал эми поездге караганда беш жыл мурун пайда болгон.
3. Саякаттарга арналган белгилүү басылма, National Geographic Traveler журналы Тажикстанды мурунку СССР аймагындагы туризмдин популярдуу он багытынын ичинен үчүнчү орунга койгон (Крым жана Кавказдан кийин).